Свернуть поиск
К, тамгасынан куралган аңгеме.
Кызыл китепке киргендерди коргоо коомуна корукчу катары кызматка келген Каныбекти классташы Касым кызматын куттуктап коюуга конокко келди. Каныбектин кызматын куттуктаганга келген Касым классташына кыргыздын калпагын кийгизип, келинчеги Канымгүлдүн колуна кызыл кызгалдак карматып куттуктады. Куураган Каныбек келген конокко көңүл койбой калпагын кыйшайта кийип, колуна куралын кармап, кер кашка кунанын камчылап Каркыра капчыгайын көздөй корукчулук кызматына кетти. Канымгүл колунан келишинче кып-кызыл кылып куурдак кууруп, көөкөрдөн кымыз куюп, келген коногун күтүп калды. Касым кичине кызы кеселдеп калып келинчеги Кенжегүлдүн келбей калганын кеп кылып, Каныбекти корукчулуктан келишин көпкө күттү. Классташы көп күттүрүп келбегенден кийин күн кызарып Каркыранын кырына калкаланганда кетүүгө камынды. Канымгүл калган куурдактан Кенжегүлгө кешик кылып камдап, көөкөрдөгү кымыздан куюп Касымдын куржунун кампайтты. Курбусу Кенжегүлдүн келбей калганына кейип Касымды кетирди. Канымгүл коногун кетирип күйөөсүн кызматтан келишин күтүп калды. Күйөөсүнүн келишин күтүп калган Канымгүлдү коюп, Каркыра капчыгайын капталдап кер кашка кунанын кайра кайра камчылап, колуна куралын камдуу кармап келаткан Каныбектен кеп кылалы. Капчыгайды капталдай кырга келип, кунанын каңтарып коюп куралын колуна кармап карагаттуу кыядан карышкыр карап келатты. Карышкырга келген корукчуга капысынан каш-кулак көрүндү. Каш-кулак карагайдын көлөкөсүндө куураган кымыздыкдын калдыгын кемирип кара курсактын камын көрүүдө. Каш-кулак күтүүсүздөн келаткан кишинин караанын көрүп коркконунан качты. Каш-кулак куугунчудан кутулууга колунан келишинче карагайдан карагайга калкаланып качып келатты. Кадырбек Кудайлап кууп келатты. Каш-кулакты кырга келгенде кызарган кумдан көрдү, колундагы камдап кармаган карабини каш-кулакка каратып капталга кадап калды. Капчыгайды күркүрөткөн куралдын кыйкырыгына кошо каш-кулак кызарган кумга кулады. Кырдан келип Каныбек кууруна кыстара келген канжарын кармап каш-кулакты кескилеп куржунуна камдады. Кайра кырга келип кер кашка кунанын камдап каш-кулактын көрпөсүн куралына кошуп канжыгасына кыстарып кетүүгө камынды. Корукчу камылгасын кылганча күүгүм кирип кетти. Каркыранын карагайлуу капталын кыялап коктуга келгиче караңгы кирди. Коктуда келаткан Каныбекке кокусунан кырдан караандар көрүндү. Караандардын көздөрү күйүп корукчунун кер кашка кунанына кадалат. Көздөрү кыпкызыл карышкырлар корукчуну көздөй келатышты. Карышкырлардан качып кутулууга Каныбек кайра кайра кунанын камчылады, Кунаны коркконунан кошкурунуп кулактарын көтөрүп кетенчиктейт. Каныбектин кыжыры келип кунанын камчылады. Корккон кунан кошкурунуп кожоюнунун кмчысын кенебеди. Кызыл көз карышкырлар келип Каныбекти курчап калышты. Канжыгада кыстарылып келаткан куралын колуна көтөрүп карышкырларды кырып кирди. Карышкырлардын кулаганы кулашты, кулабаганы кайра качып кутулушту. Көзгө караан көрүнбөгөн капчыгайда карышкырлардан кутулуп кеткенине кубанган Каныбек кайра кайра Кудайга келме келтирип кулдук кылып келатты. Келатып каркырадагы кыргыздардын көчөсүнө кирди. Көчөдө кыргыздар көрүнүшпөйт, конушун которуп көчүп кетишиптир. Каркырага казактар көчүп келишиптир. Казактарды көрүп Каныбектин кабыргасы кайышып көңүлү кейиди. Көңүлүндө кыргыз каны куураган Кашканы күнөөлөдү. Куурагыр качкын Кашка кенен Каркырабызды казактарга карматып, курсагын кампайтып качып кетти. Кашкадан кийин Курманбек келди кандыкка. Кашканы кой Курманбек кууратты Кыргызды. Көзгө кармаар Кашкадан калган кендерибизди көрүнгөнгө карматты. Көзгө көрүнүктүү кыйындарыбызды камады кырганын кырды. Каркылашып карааны көрүнгөндөрдү ким көрдү кылды кан кускур. Курманбектин канкорлугунан канчалаган кыраандарыбыз кырылып кетти. Кыргыздын кыйындыгын карагыла Кашканы, Курманбекти кандек күчүгүн кошуп көз көргүз, кайра келгиз кылып кубалашты. Каныбек калкынын көргөн күнүнө кечирген кыйынчылыктарына катуу кейип келатты. Короосуна караңгыда келди, келсе кирпик какпай күйөөсүн күткөн Канымгүл короодон көрүндү. Каныбек келинчегине колундагы куралын, каш-кулактын көрпөсүн карматып, кунанын камдап келди. Колуктусун колтуктап каалгасынан кирип кетишип көрүнбөй калышты. Кыргызымдын кыраандарына кайрыла кетүүчү кеп. Келгиле калпагыбызды кийели, калкыбызга Каныбектей күйөлү. Колубуздагы көөнөрбөз кенчтерибизди коргоп калалы. Келечегибизди куралы! Кулагыңарга кумдай куям кыргызбыз, кылымдарды каарыткан Кыргызбыз кагылайындар!
🇰🇬🇰🇬🇰🇬
120 комментариев
16 классов
"Шайыр кыздар" тайпасынын ажарлуу кыздары жана мырзалары! 🙌✨
Илгертен кыргыз элинде кыз-жигиттин айтышы, акыя айтышуу салты шаңдуу шайыр-шаттык менен коштолгон эмеспи. Келиңиздер, биз дагы салтыбызды жаңылап, бир аз тамашалашып, ыр менен сөз кагыштырып көрөлү! 🎤🎶Келгиле Шайырлар жайдын салкын кечин шаңдуу өткөрөлү 🤗
136 комментариев
9 классов
"Акым бар"
Жер астында кымбат баалуу алтын бар,
Жер үстүндө алтын сындуу затың бар.
Жүрөгүмдү жара сайып текшерсең,
Алтын менен саймаланган атың бар.
Жүрөгүмдө атың бар да, затың бар,
Бул ырымда сүйөм деген антым бар.
Мен сүйүүнүн дайрасынан суу ичкем,
Ошон үчүн мен сүйүүгө акым бар.
Ислам.
29 комментариев
17 классов
Фильтр
загрузка
Показать ещёНапишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Дополнительная колонка
О группе
Шайыр кыздар тайпасына куш келипсиздер! Тарс эткендин баары тамаша демекчи, бул жерде айтылган сөздөрдүн баары тамаша. Группага кошулуп, жаңы тааныш досторду тапсаңыздар болот.
Показать еще
Скрыть информацию
Фото из альбомов
Правая колонка