Свернуть поиск
Фид
Мырза Жумабеков
поделился темой29 ноя 2021
Бейтааныш адамды фейсбукта достукка кошкон! Эки күндөн кийин күтүлбөгөн кырсык болду…
Бүгүнкү күндө соцтармактар менен баары колдонушат. Эгер сиздин Фейсбук, же Твиттер, же Инстаграмыңыз болбосо, анда сиз Айда жашасаңыз керек! Соцтармактардын эң популярдуусу – бул Фейсбук, сиздин постту ким окуп атканын билбей да каласыз. Бейтааныш адамдардан достукту кабыл алуу кандай коркунучтуу экенин көпчүлүк адамдар деле ойлобойт. Viral Hatch Интернетте популярдуу болуп жаткан бир окуяны айтып чыкты. Сиз да окуп, ойлонуп көрүңүз! Бул макаланы укук коргоо органдарында иштеп кеткен аял жазган: Кандайдыр бир жигит достук жиберет. Аны тааныбайсыз, бирок анын профилинде сулуу жигиттин сүрөтү турат, ошондуктан аны кабыл алып койдуңуз. Бүгүн кызыңыз биринчи жолу мектепке барат. Жаңы мектеп формасында жакшынакай көрүнгөндүктөн, аны сөзсүз сүрөткө тартып, досторуңузга, жакындарыңызга көрсөтүш үчүн, Фейсбукка илишиңиз керек. Ушунчалык сүйүнүп жүргөндүктөн, мектепти да Фейсбуктан белгилеп койдуңуз жана жаздыңыз: “Ишенбей жатам чоңойгонуна! Убакыт учкан куштай! Кызым менен сыймыктанам!” Ошол эле убакта, тиги, жакында эле кабыл алган табышмактуу досуңуз сиздин кызыңыздын сүрөтүн сактап алат да, сүрөттү улгайган адамдарга мындай жазуу менен кошо жиберет: “Кыз. 7 жашта. Чачы кара, көзү кара. $5000” Сиз ал бала саткычка кызыңыздын сүрөтүн эле берип тим болбой, анын аты жөнүн, кайсы мектепке бараарын табакка салып берип койдуңуз. 12:00 дө кызыңызды тосуп алууга барганыңызда, аны таппай каласыз. Сизин кызыңыз 43 жашар педофилге кулчулукка сатылып кеткени, эми башына мүшөк кийгизилип, Түштүк Африкага жөнөтүлгөнү оюңузга да келбейт. Тааныбаган адамдын баарын достукка кошо бергенди жана жашооңузду Фейсбукка иле бергенди токтотуңуз. Сиздин балаңызга жамандык каалап турган канча адам бар экени сиздин оюңузга да келбейт. Күн сайын миңдеген жаш балдар уурдалат; алардын көпчүлүгү сатылып жана жашырын чет өлкөгө алып кетилет. Муну токтотконго чара көрсө болот, бул макаланы колдон келишинче көп адамга таратыш керек. Ар бир ата-эне катылып жаткан коркунуч тууралуу билгени оң. Сураныч: Тааныбаган адамдан достукту кабыл албаңыз. Профилиңизге балаңыздын сүрөтүн койбоңуз. Балаңыз менен көп барган жерлерди белгилебеңиз. Бул тууралуу бардык ата-энелер билиш керек!24 комментария
21 раз поделились
253 класса
Фид
Мырза Жумабеков
поделился темой2 дек 2019
Видео удалено или не является публично доступным
0 комментариев
5 раз поделились
127 классов
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
208
- Суйун ЖумабаевЖалал-Абад
- Кызжибек Акимбек кызыСанкт-Петербург
22
- Жоомαрm Бөκөнбαев αmынgαгы гuмнαзuя-жαmαк мекmебu.495 подписчиков
- Жакшы группа83431 подписчик
- Кулинарные хитрости - Почему мы этого не знали?1330978 подписчиков
Правая колонка