Свернуть поиск
Фид
Гулнара Адылбекова
поделилась заметкой19 апр 2022
КҮТҮҮСҮЗ БУРУЛУШ
(Интернет булактарынан алынды) Баштан өткөн окуя1 - БӨЛҮМ
Көп достун досу болсом да, чоңойгон сайын сырымды бек сактап, кимдир бирөөгө айтуудан айбыгып калдым. Кубанчымды бөлүшсөм көрө албастар жүрөгүмдөн сууруп алчудай , кайгымды бөлүшсөм табалачудай сезилип, көп сезимди жүрөгүмө сактоону адатка айлантып алган сыяктуумун. Ошондуктан, мени эч ким тааныбагандыгынан пайдаланып бул жакка жаза кетүүнү туура көрдүм. Анда кеп башынан болсун. "Ат баспайм деген жерин миң басат ",- деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Мен убагында интернеттен таанышуу да таанышуубу деп көп айтаар элем. Жада калса виртуалдуу дүйнөдөн таанышып, кыз-жигит болгон тааныштарымды шылдыңдап, айласын кетирчумун. Бирок, ошол эле тагдырга өзүм туш болоорумду этибар албасам керек. Мындан 2 жыл мурунку жаз мезгили. Анча-мынчаны тоготпогон текебер жаным, жаздын жыпар жытына эркелеп, себепсиз эле бактылуу болуп жаттым. Ошол күндөрдүн биринде социалдык желеден (кайсы желе экендиги сыр бойдон калсын) бир жигит менен таанышып калдым. Тааныштым дегеним, ал адаттагы балдардай болуп "Чоң кыз таанышып алалы?" деп айтпады, мен да кыздарай кылыктанган жокмун. Биз алгачкы таанышуубузда эле бир нерсени талкуулап, ал өз оюн, мен оз оюмду бербей жаттык. Кантип суйлошуп баштаганыбыз да эсимде жок. Комплименттер ,жакшы создорду угуп конуп калганга анын текеберленип кылган мамилеси мени куч алдырды. "Баары бир сени менен таанышып, озумо баш ийдирем", -деп жаттым ичимден. "Кыздан амал качып кутулбайт" демекчи аны сүйлөттүрүүнүн түркүн айласын ойлодум. Өзүмө өзүм күлкүм келип , кандай адам болуп баратканыма таң калчумун. Бара бара күндө сүйлөшчү болдук. Бирок, эң кызыгы ал такыр менин жашоомо кызыкчу эмес. Мен кызыгып турсам да сурачу эмесмин. Бирок, дайыма талкуулоочу тема табылчу: саясат, кино, билим берүү системасы, табышмактар, интелектуалдык оюндар ж.б. Күндө актуалдуу темаларды талкуулай берип өзүмдү депутаттарга окшоштуруп сыгыла баштадым. Башка бир нерсе ойлоп табышым керек экендигин сезип турдум. Бир күнү маанилүү бир конференцияда доклад окуурумду , таасирдүү болуусу үчүнн жакшы жазышым керек экендигин айтып жардам сурадым. Ага караандай калп айтып, темамды түшүндүрүп бердим. Ал мындай башта десе, кантип улантсам деп тажата бердим. Акыры телефон номеримди сурады. Мен сыр бербей бул жактан жаза бер деп коём. Ал чалып айтып берем деди. Чалды. Үнү жагымдуу экен. Ал берилип теманы түшүндүрүп жатты, мен башка эле ааламда жүрдүм. Ортодо "жазып жатасыңбы?" деп сурап коет. Ооба керектүүу жерлерин жазып жатам деп коём. Теманы айтып бүтүп :"Жардам берген болсом кубанычтамын. Сага тоскоол болбоюн.Жакшылап даярдан", -деп коюп койду телефонду. Таң калып отурдум. Алгачкы жолу үнүбүздү угуп жатсак, ал-акыбал сурап койгонго да жарабады. Бул адамдын кайгырууну, кубанууну, күлүүнү, ыйлоону билген адам экендигине ишенбей турдум. Кайдагы жорукту баштап, бир жыйынтыкка жетпегендигиме бир тараптан өзүмчө ардансам, бир тараптан "Жашоомдо эмне өзгөрдү? Мурункудай улана берет. Мен өзүмдөн башка эч кимге сөз бербедим да",- деп аны унутууну ойлодум. Арадан 3-4 кун өттү. Ага жазбай да койдум. Жада калса ойлонгон да жокмун. 3-4 күн өткөн соң ал чалды мага. Суз гана жооп берип жатканыма карабай , ал тамашалап ,конференциянын кандай өткөнүн сурап жатты. Үнү алгачкы жолкуга караганда кубанычтуу чыгып жатты. Кайрадан жазышуулар , сүйлөшүүлөр уланса да мен көңүлдөнбөй жаттым. Бирок , бул жолкусунда ал мени тажата баштады. Көп учурда телефонго,жазгандарына жооп бербей койгондугум үчүн бир күнү жолугушууга чакырды. Алгачкы таанышкан күнүбүздөн 6 ай өткөн соң алгачкы жолугушуубузга бармай болдук. Кафеге, паркка же киного чакырбады. Жол боюнда күтүүмдү өтүнүп, өзү алып кетээрин айтты. Даярдыксыз баргандай көрүнүү учун даярдандым. Ал белгилеген жерге жетип , эми эле телефонду колума алганда жаныма машина келип токтоду. Көптөн бери күтүп турган окшойт деп ойлонгончо машинадан түшүп мага алдынкы орундун эшигин ачты. Учурашууга убакыт тар, машинаны парковка кыла турган жер эмес болчу. Мен караганда эле көздөрүнө урунду көздөрүм. Жылмайып башын ийкеп койду. Өзү машинага отуруп айдап жөнөгөндө жагымдуу жыты мас кылып, сүйлөй албай бараттым. Ортодо жай чыккан музыканы эске албаганда бир топко жымжырттык окум сүрдү . Эмне деп сөз баштаарыбызды билбей мен аны, ал мени карап коёт. Шаардан чыгып баратканда "Кайда баратабыз?" дедим. "Сенден бүгүнкү убактыңды уурдаганга уруксат бер",-деп жылмайып койду. Демейде такылдап сөз бербеген жаным баарына кайыл болуп отура бердим. Ал өтө токтоо, салабаттуу экен. Баскан турганы, сүйлөгөнү, өзүн алып жүргөнү чоң адамдардай экен. Шаардан көп узабай бир жаратылыш койнуна келдик. Машинаны токтотуп түштү. Мен же коркоорумду же кубануумду түшүнбөй, денемди майда калтырак басып селейип отура бердим. Ал келип мага эшик ачып колун сунду . Күз мезгили болгонуна карабай аба ырайы жагымдуу болчу. Жерге покрывало жайып , мөмө жемиш толгон корзинка , жей турчу нерселерди алып койду да, бир букет алып чыгып сунду. Мен ал учурда бир ордумдан жылбай анын кыймыл аракетине көз салып тура бердим. Букетти сунганда өзүмө келип, рахматымды айттым. Эң жактырган гүлүм болбосо да кыпкызыл розалар коз жоосун алып жүзүмдө жылмаюу пайда болду. "Отур,тартынба" , деди мага мээримдүү карап. "Анчалык романтик эмесмин. Бирок, бүгүн сени менен эл болбогон жерде көпкө сүйлөшүүнү кааладым" ,-деп сөз баштады. Андан ары зеригиштүү атмосфера жоголуп бат эле көнүп кеттик бири бирибизге. Кечке дейре көп сүйлөштүк. Ал көрүнүктүү бир мекемеде директордун орун басары болуп иштейт экен. Окуусун чет өлкөдөн бүтүрүп келиптир. Айтор, өзү жөнүндө суратпай айтып берди. Мен суроолоруна жооп берип отурдум. Эң таң калганым ал мен жөнүндө дээрлик баарын билет экен. Бирок, кантип билгенин айтпай койду. Менде кызыгуу туулуп жатса да, өзүмдү "любопытная варвара" көрсөтпөш үчүн аны кыстабадым. Көп кечке калбай күүгүм кирген убакта үйүмө жеткирип барды. 2 дос кызым эшиктен кирээрим менен "Ал ким? Кайда бардыңар?" деген суроолорун жаадыра баштады. Көбүнчө балдар менен достошконума карабай жигит күтпөгөнүм алар үчүн да таң калыштуу болду окшойт. "Интернеттен тааныштым" деп жооп берүүдөн ардандым. Анткени учурунда интернеттен таанышкандарда катуу сындаганым үчүн уялып жаттым. Досумдун досу дедим. "Киного барган болчубуз. Кечигип кеткенде досунун машинасы менен экөөсү жеткирип коюшту" дедим,жалганымды жашыруу үчүн бат бат сүйлөп. Алар ишенгендей болуп "Кардың ач болсо тамак же" деп бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Ашканада тыкылдап жүрүп турган саатты тиктеп отура бердим. Ал жөнүндө ойлондум. Мен жөнүндө ким айтып берүүсү мүмкүн экендигин ойлондум. Интернеттен таанышса эмне болмок эле деп өзүмдү өзүм жоошуттум. Айтор телефонго келген смс ойлорумду бузду. "Сенин күн өткөн сайын мени таң калтырчу бир тарабыңды көргөнүмдү айттым беле?". Аргасыз жылмайдым. "Жок, биринчи жолу айттың" деп жооп жаздым. Смс жазышып жатып уктап кетипмин. Бирок, эртеси күндөгүдөй бактылуу ойгонгонумду эстей албайм. Көңүлүм куунак , маанайым эң сонун болчу. Эстеп кетип, телефонумду ала калып карасам окулбаган смс бар экен. "Жашоомдун маанисин өзгөртүп жаткан периштеге таттуу түштөр кирсин" . Жаш баладай ордуман так секирип турдум. Катуу кыйкырып ырдагым, бир ордумда турбай бийлегим келип кең ааламга батпай жаттым. Өмүрү таң эрте турбаган жаным, тура калып эртең мененки тамактанууга блинчик жасай баштадым. Көзүн ушалап кухняга керген курбу кызым ;" Сага кечээки кино аябай таасир эткен го" дегенде айыбым ачылып калгандай сөздү башкага бурдум. "Сен алдыгы блинчиктерин менен подъезддин баарын тойгузасын го,эмне мынча коп?" деди какшык аралаш сөздү улай. Анда мен да таарынымыш болуп "Баарын өзүм жейм. Жакпаса жебе" дедим. "Ушинтип таарынып калат анан. Сен уйкуңду бөлүп, өз колуң менен бир нерсе жасасаң, мен жебей коймок белем. Болгону кечээки досуңдун досу жөнүндө айтып бер", - деди ал темадан алыстоону каалабай. Ал экөөсү менин жашоомдун тиреги, эң жакын досторум болсо да бул бактымды эч ким менен бөлүшкүм келбей, жаш баладай кызганып турдум. "Башка учурда айтайынчы, суранам. Бир нукка түшсүнчү " дедим жалооруп. Ал :"Бир нукка түшчү акыбалга жеткенче айтпай жүрдүңбү? Жанына эч кимди жакын жолотпой, так секирип туруп алсаң биз сени жалгыз бойдон өтүп кетет го деп сарсанаа болуп жүргөнбүз. Бактылуу болсоң мен да бактылуумун" деди колумду кысып. Бул ыңгайсыз абалдан чыгуунун амалын издеп жатканда ага бирөө чалып калып туруп кетти. Оор жүктөн кутулгандай идиштерди жууп баштадым. Ал күнү чалуусун күтсөм да өзүм такыр чалбадым. Мен бул кылыгым менен анын көңүлүн калтыруудан коркуп жаттым. Оор басырыктуу, токтоо болсо дал өзүндөй кыздарды жактырат, менин андан биринчи чалуум акылсыздыгымды, сабырсыздыгымды көрсөтөт деп ойлодум. Дайыма ушундай көрүнүш уланса да , ал жумуштарынан бошоп шашпай чалып, мен канчалык сүйлөшкүм келгенине карабай анын чалуусун күтсөм да бара бара ынак адамдарга айланып кеттик. Бирок, экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир дистанция дайыма сакталып турчу. Ал мамилебиздин ылдыйкы баскычынан кийинки баскычына ойлонуп, шашпай өтүүнү кааласа, мен тескерисинче чыдамым кетип өзүмдү өзүм кыйнай берчүмүн." Эмнеге ушунча убакыт өтсө да мени достору менен тааныштырбайт? Эмне үчүн жакын болоорубузду көрсөтпөйт? " деген суроолор менен өзүмдү өзүм кыйнап жүрүп жаңы жыл майрамы да кирип келди. Жаңы жыл майрамынан 1 жума мурун суроомо кутконг жообумду алдым. Ал мени достору менен чогуу майрамдачу кечеге чакырды. Толкунданганымдан улам бул бир жума кантип өтөөрүн ойлоно албай турдум. Магазинден магазин кыдырып жарашыктуу кийинүүнүн аракетинде жүрдүм. Жыл сайын салтка айланган үй бүлөлүк майрамыбыздан четтеп, бул жаңы жылды келечекте куруучу үй бүлөмдүн жанында тосом деп кыялданып жаттым. Ал күнү эшигимдин алдынан алып кетти. Адаттагыдай джентельмендиги менен мага эшик ачып отургузуп, "Бугун өзгөчө сулуусуң" деди жылмая. Мен анын ата-энеси менен таанышчудай болуп толкунданып, суроолоруна кыска жооп берип бара жаттым. Кече 8 дерде башталып көңүлдүү уланып жатты. Достору өтө жылуу кабыл алып, бат эле көнө түштүм. Бирок, Мээрим аттуу бийкечтин кыймыл аракети мени ойго салып койду. Сүйүктүүмдүн жанынан чыкпоосу , аны берилип карап, кулагына шыбыроосу кадимкидей кызгандырып кабагым түйүлө түшөт. Ал кызга менин жактырбашым жага берди көрүнөт, алыстоонун ордуна тескерисинче жанынан чыкпай отурду. Жай гана уруксат сурап, уборныйды көздөй бет алдым. Ачууланганымданбы же ысыктанбы эки жүзүм албырып чыгыптыр. Муздак сууга колумду салып,озумду күзгүдөн тиктеп көпкө турдум. Чоң адамдарын жанында жаш баладай кызганып жиним келгени үчүн өзүмдү жемелеп жаттым. Бир аз өзүмдү жоошутуп чыга бергенде ал мени күтүп туруптур. "Жакшысыңбы? Көпкө жоголуп кеткендиктен кабатырландым" ,-деди чын эле жалооруй карап. Жинимди чыгаргым келдиби же ажыкыстыгым кармадыбы айтор какшык аралаш "Мээрим жаныңда турса эмнеге мени ойлондуң?" ,-дедим. Ал алгач түшүнбөй карап калды да, бир аздан аңдап жетти көрүнөт :"Мээрим балалык чагымдан бери жанымда. Аны ойлонсом сени менен таанышпайт болчум",- деди. Кайра айткан сөзүмдөн уялып кеттим. "Мен үйгө кетейинчи. Өзүмдү жакшы сезбей турам",-дедим. "12 ни күтчү, аз калбадыбы. Андан кийин сени жеткирип, андан ары өзүм кетем үйгө",- деди алгачкы жолу белимден кучактай басып. Анын алгачкы жолу кучагында баратканыма ансайын эки жүзүм албырып, Мээримди көз кырым менен карап табалап да, бакытыма балкып да турдум ошол мүнөттөрдө. Саат 12 ни какканда эшикте салюттардын жарыгын тиктеп турдук. Ал мени аркамдан кучактап, кулагыма "Биз бул жыл сен каалабасаң- кааласаң да бирге болобуз", - деп шыбырады. Мен аны жылмайып карап "Бул жылы элеби?",- десем "Сен кааласаң түбөлүккө" ,деди. Ааламда экөөбүздөн башка жан жоктой кубанычымды жашыра албай анын кучагынан чыккым келбей турдум. Уландысы бар...72 комментария
7 раз поделились
554 класса
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
78
- Сапарбек АйжаркынДжалал-Абад (Жалалабат)
- Назира МиркасимоваАбакан
5
- Бир тыныгып алыңыз !34232 подписчика
- KS Academy - Академя Инвестиций и Трейдинга113647 подписчиков
- БИРГЕ - birge.ru35618 подписчиков
- 🌸АК НИЕТ🌸20811 подписчиков
- "ОКУРМАНДАР" группасы20010 подписчиков
Правая колонка