Свернуть поиск
Фид
Айдай Сманова
поделилась фотографией5 июл 2024
Фотография удалена или не является публично доступной
Фид
Айдай Сманова
поделилась заметкой18 янв 2023
УУЛ
Салтанат Митиева16- БӨЛҮМ
Канымжандын жүрөгү чыдабай жетип барып Ангелинаны колдон алып сыртка жетеледи. Кичинекей кыз да моюн толгобой улам кылчактап ата-энесин карап коюп баратты. Эшикке чыгып терең дем алып, моюн орогучун бошотту. Өзүнөн өзү деми кысылып, башы дүңгүрөп чыкты. Жалдырай тиктеген бейкүнөө наристеге тике карай албай көзүн алып качты. - Кечир мени, кандай болгон күндө да сен Имаштын кызысың,- эңкейип кызды бооруна тартып, чачынан сылады. Имаш ДНК тесттин жыйынтыгы жазылган кагазды аялынын көзүнө такады. - Читай! Читай говорю! Өңү бир кызарып, бир бозоргон Наташа жерге тизелеп отура калып күйөөсүнүн бутун кучактады. - Прости, Имаш, прости меня. Ачуусу бетине чыккан жигит бир булкунуп бошонду да, кагазды мыжыгып туруп Наташанын бетине ыргытты. - Имаааш!- Наташа жер таянган бойдон өйдө боло албай өксүп ыйлады. Сыртка чыгып ары жакта күтүп турган кызы менен Канымжанды көрмөксөн болуп тескери жакка басты. Чок жутуп алгансып ичи жалындап күйүп, тамагы кургап баратты. Ызасы мээсин жара тээп, көкүрөгү туз куйгандай ачышты. Ата конушун таштап ушунча жылдан бери кызы үчүн жүрбөдү беле ушул жакта. Төрөлгөндөн тарта кызым деп үстүнө үйрүлө түшүп чоңойткон перзенти минтип кавказдын каны болуп чыкканын карачы. Чындыктын мынчалык ачуу болоорун билген эмес тура. Наташаны өз колу менен эле муунтуп салгысы келди башында. Бирок антип өч алуу Имаштын тарбиясына да, табиятына да туура келбейт эле. Эми кандай кылат? Ушунча окуядан соң Наташа менен бир чатырдын астында жашоо мүмкүн эмес экенин билсе да, кызын ойлоп жанчылып баратты. Кантип таштап кетет? Кызым эмессиң деп кандай айтат?.. - Байке!- артынан карындашынын үнү угулганда токтоду. - Кайда баратасыз? - Билбейм өзүм да. Сен эмне келдиң? - Сиз менен сүйлөшөйүн дегем. - Эмнени сүйлөшөсүң, Канымжан? Баарын көрүп, билип туруп дагы эмнени сүйлөшөсүң мени менен? - Баарына мен күнөөлүүмүн. Мүмкүн укпасаңыз мурдагыдай тынч жашап жүрө бермек белеңиз. - Антип өзүңдү күнөөлөбө. Болоор иш болду. Чындык акыры чыгыш керек да. Сен болбосоң дагы бирөө айтмак. Утуш сеники болду. Эми айт мага койгон шартыңды. - Эмне шарт?- Канымжан агасын таңыркай тиктеди. - Ангелина менин кызым болсо сен Кыргызстанга кетмек болгонсуң. Тилекке каршы андай болбоду. Демек жеңиш сен тарапта. - Ооба, ошенткем. Бирок мен муну жеңиш деп айтпайм. Мен чындыкты гана издедим. Таптым акыры, эми көңүлүм тынч гана үйгө кайтам. - Чын эле кайтканы жатасыңбы? - Кайтам. Кайтышым керек. Уулум күтүп жүрөт. - Канатка бар. Атам өткөндөн кийин кыйналып жүргөндүр өзү да. Апама да караан бол. - Апама мен эмес сиз караан болушуңуз керек эле. Ал дагы мага окшоп уулун сагынып жүрөт,- Канымжан ыйлап жиберди. - Көрөбүз го,- Имаш адатынча оозу бош күңк этти. Ошол бойдон Имаш көпкө дарегин билдирбей кетти. Телефону да өчүк. Жашаган жерине барып Канымжан бир топ күн акмалады. Эки жолу Наташа менен Ангелинаны алыстан көрдү. Бирок агасынын дайыны билинбей жатты. Акыры айласы кеткен кыз Маралга кайра барды. - Эже, агам кайда экени белгисиз болуп жатат. Кандай болсо да бир кабарын билип бериңиз. - Сага кабарын билдирбесе мен кайдан табайын? - Тааныштарыңыздан сурап бериңиз. Кабатыр болуп түнү уктабай калдым. Жашаган жерине барып канча күн күттүм. - Макул, сураштырып көрөйүн,- Марал ошол замат эле кимдир бирөөгө телефон чалып Имаштын дайынын сурап, көрүп билсе кабарлап коюшун суранды. * * * * - Таене, апам эмнеге Москвага айтпай кетти?- Канат чыдамы кетип таенесинин сөзүн бөлдү. - Айтса мени жөнөтпөй коёт дегени го. Анан да сени ыйлайт деп ойлосо керек. - Мен ыйлабайм, таене. Өзүңүз айтпадыңыз беле эми чоңойдуң деп. Болгону апамы сагынып жатпайымбы,- бала мурдун шуу тартты. - Мен да сагындым апаңды. Гүлзирек таэжеңди, Имаш таякеңди баарын сагындым. Сен бар таенең өлбөй жүрөт да, садагасы. Келчи бир жыттап алайын,- Касиет небересин чачынан сылап, шуу жыттады. -Таенесинин жыттоочу. Кудайым башыңды таштан жаратсын ылайым. - Апам келсе чокко көөмп картошка бышырып берем. Бирок сиздикине окшобой калса керек, таене. - Окшойт, көлөкөм. Бая күнү укмуш даамдуу бышырбадыңбы. Тимеле даамы таңдайымда турат. - Бүгүн да бышырып берейинби?- Канат дароо көңүлү ачыла түштү. - Жүрө гой, экөөлөп бышыралы. Мен тамак жасайын, чок түшкөндө сен картошка көмөсүң. Ал күнү очок боюнда таене менен небере кеч күүгүмгө чейин күймөнүштү. - Канат, таенең үйдөбү?- таксист Максат короого жакын келип машинасын токтотуп кыйкырды. - Ооба, азыр чакырам,- кылып жаткан ишин таштаган бала тызылдап үй тарапка чуркады. - Таене, Максат байке келди. - Келе гой, балам. Тынчылыкпы?- Касиет утурлай басты. - Тынчылык, эже. Иним кечээ Москвадан келди эле. Канымжан сиздерге белек берип жибериптир,- сырты клеёнка менен тыкан оролгон баштыкты машинасынын арткы орундугунан алып сунду. - Рахмат, айланайын. Кем болбо,- кубанган эне батасын берип узатты. - Таене, бол батыраак ачалычы,- чыдамы кеткен Канат чыйпылдап жиберди. - Оо тукумуң өскүр, коё турчу. Келе кайчыны. Муну кесип эле ачпасаң оңойлукка ачылгыдай эмес. Баштыктан Касиетке жоолук, Канатка кийим-кече, шириндиктер чыкты. Улам бир кийимин кийген бала кудуңдап кубанып болбой калды. - Таене, чын эле апам иштеп көп акча таап жаткан турбайбы. Карасаңыз кандай сонун кийимдер. Мындай нерселер досторумдун эч кимисинде жок. Эртең мектепке кийип барып мактанайын. - Апам качан келет деп көп безилдебей жүр эми. Аман-эсен келсин дегин андан көрө. - Макул, эми ошентем,- сүйүнгөн бала таенесин мойнунан кучактап, бетинен өптү. * * * * - Канымжан, сени сыртта бирөө чакырып жатат,- кошо иштеген кыз сырттан кирип кол булгады. - Мениби? Ким экен? - Агаң окшойт. Чуркап чыккан кыз агасын көрүп кубангандан кыйкырып жиберди. - Байкее! Барсызбы? - Акырын, тентек кыз десе,- мойнунан бекем кучактаган карындашынын маңдайынан сүйдү. - Өзүң кандай жүрөсүң? Агам жоголду деп таарынып жүрөсүңбү? - Чын эле ушунча убакыт кайда жүрдүңүз? Жашаган жериңизге да бардым. - Ал жерге эмнеге бардың? Мен ошондо эле кийимдеримди алып чыгып кеткем. Наташадан эч нерсе талашкан, бөлүшкөн жокмун. Ушул мезгилге чейин тапканымды Ангелина үчүн таштадым. Эми баарын жаңыдан баштайын деп жатам. Москванын ар бир көчөсү, ар бир бурчу өткөн күндөрүмдү эстете берет экен. Ошон үчүн үч айдан бери Санкт- Петербургда жүрдүм. Өзүмө келдим, өткөндү унутуп өзгөргүм келди. Көпкө ойлонуп акыры Россиядан биротоло кетүүнү чечтим. Кетээрде сага жолугуп, көзүм менен көрөйүн деп келдим. Аман-эсен экенсиң кудайга шүгүр. - Каякка кетип баратасыз?- Канымжан агасынын күтүүсүз жаңылыгына таң калып, оозу жарым ачылып элейип тиктеди. - Кореяга кетип жатам. Жакшы жумуш бар дешти. Маянасы да жогору экен. - Кореягабы? - Канымжан ыйлап жиберчүдөй көздөрү жашылданып, үнү калтырап кетти. - Эмне мынча таң калдың? Мага окшогондор эле иштеп жүрбөйбү. - Жок, байке, сизге окшоп үйдүн жалгыз уулу болгондор ата-энесин таштап коюп жылдап жер кезип кетишкен жок. 10 жылдан ашык убакыттан бери эки гана жолу айылга бардыңыз. Байкуш апам көзү талып жол кароо менен өмүр кечирип келатат. Каргадай болгон небересин караан тутуп бир үйдүн тиричилигин жалгыз өткөрүп жатканына бооруңуз оорубайбы? Атам байкуш сизди күтүп жүрүп оо дүйнө аттанып кете берди. Жок дегенде топурак салып калсын деп эки күн күттүк. Бирок үлгүрбөдүңүз. Атама өз уулунан бир ууч топурак буйрубай калды. Эми биздин апамдан бөлөк кайсы күйөөрүбүз бар, айтыңызчы? - Болду, болду, жөн койсо ыйлап жибергени калдың го. Тамашалап койдум,- Имаш карындашын кучактай калды. - Сага сюрпризим бар. - Дагы эмнени баштаганы турасыз? Жөн жүрбөйт экенсиз да. - Оо, чоң эне десе, тилдегенди коюп бери кара,- чөнтөгүнөн чакан кутучаны алып чыгып ичин ачты. Алтын сөйкө шакеги менен экен. - Бул кимге?- Канымжан чындап таң калды. - Менин эң кымбат адамыма. Айтчы, сага жактыбы?- Имаш акырын күлүп көзүн кысып койду. - Мага го жакты. Бирок тиги кымбат адамыңызга жагабы, жакпайбы билбедим. - Сага жакса ага да сөзсүз жагат. - Ммм, жакшы экен,- шакекти колуна алган кыз акырын баасына көз жүгүрттү. Бир топ акча тура. Демек жөнөкөй адамга албаптыр деди оюнда. - Эмесе сөз мындай, атамын кызы. Мен бүгүн түнкү рейс менен учуп жатам. Узатып барам деп убара болбо. Сени кайра кантип жетти деп кабатыр болуп отурбайын. Азыр жумушуңдан суранып чык, чогуу тамактаналы. - Чын эле кетип жатасызбы? - Ооба, айтпадымбы түнкү рейске билетим бар деп. Бирок сени кабатыр кылган Кореяга эмес,- жигит карындашынын мурдуна аста чертип каткырып күлүп жиберди. - Анан каякка? - Айылга апама барам. - Чын элеби?- кубанганына чыдабай жаш балача секирип сүйүнгөн Канымжан кайра тактап сурады. - Чын айттыңыз ээ? Айылга кетмек болдуңузбу? - Барайын, карындашым. Атам баскан жерлерди, апам жапкан нанды сагындым. Сага рахмат, сен болбосоң мүмкүн өмүр бою ушул жакта калып кала белем, ким билсин. Сен да насип кылган күнү артымдан кайтаарсың. Кеткиң келген күнү ойлонбостон дароо жөнө. Күтүп алаарыбыз асыл апабыз бар. Бул сөйкө, шакекти атайын апама арнап алдым. Ойлоп көрсөм ушул убакка чейин кубантып белек деле бербептирмин. - Сиздин өзүңүз апама баарынан кымбат белексиз. Канат да жетине албай кубанат тура сиз барсаңыз. - Баса, Канатка да белегим бар. Аны анан чай ичкен жерде көрсөтөм. Сен кирип жооп алып чыгасыңбы? - Ооба, бат эле чыгам. Кетпей туруңуз,- шашкалактаган кыз чуркап ичкери кирип кетти. - Тентек десе, дагы деле бала кыял бойдон,- карындашын артынан карап туруп Имаш жылмайып койду. Агасы кеткенден бери Канымжан кадимкидей көңүлү жайланып, ишинде да шайдоот. Кыңылдап ырдап да калат кээде. - Сен өзгөрүп баратасың, чоң кыз,- Марал күлүп тийише сүйлөдү. - Себебин билсек болобу? - Себеби бирөө эле, эже. Имаш байкем апам менен уулумдун жанына кеткенден бери көңүлүм жай, уйкум тынч. Көрсө санаа эле адамды карытат тура. Жаш эле туруп бетиндеги бырыштар кайдан дээрсиз. Мен көптү көрдүм. Аны сурабай эле коюңуз. Өткөн күндөрүмдү эстөө мен үчүн өтө оор. - Андай күндөр менде жок дейсиңби? Ар адамда арман бар. Аны көрүнгөнгө жарыя кылып дасторконубузду жая бергенден бир нерсе өзгөрмөк беле. Өтмүшүңдү унут, бирок баарын эмес. Сабак алчу жерлерин эстей жүр. Жаза басып жаңылган жериңди кийинки жолу айланып өт. Жашоо бирде тегиз жолго салса, бирде жонуңдан кайыш тилип тизелетет. Баарына сабыр жана шүгүр де. Ошондо жеңесиң. - Сиз мага көп нерсени үйрөттүңүз. Агамдын тагдырындагы бурулуш да сиздин жардамыңыз менен болду. Өмүр бою алдыңызда карыздармын. - Андай дебе. Мен болгону адамдык парзымды аткардым,- Марал Канымжанга бир топ акыл-насаатын, жакшы сөздөрүн айтты. Эже-сиңдидей болгон экөө туулган жерден алыс жүргөндө бири-бирине чоң күч, дем болушту. Кышка жакын Канымжан Кыргызстанга кайтмак болду. Айрыкча билет алгандан кийин күн өтпөй саат санап калды. Айрыкча уулун сагынды. Кетпей эле коюңузчу деп жалдырай тиктеген көздөрүн эстегенде кээде өзүнчө ыйлап да алат. Байлык деп кээ бир адамдар акчаны, дүнүйөнү, заңгыраган үйдү айтышат экен. Бирок чыныгы байлык, баа жеткис бакыт бала тура. Бүгүн апасына, уулуна арнап белек-бечкек алды да, дүкөндөн чыгып Москванын кең көчөлөрүн аралап жөө басты. - Рахмат сага, Москва. Канча көз жашыма күбө болдуң. Кубансам кубанычымды да сени менен бөлүштүм. Өгөйлөбөй өз балаңдай бооруңа батырып, ырыскыңды чачтың. Туз насип буйруса кайрылып дагы келээрмин. Уулум үчүн, апа, сизге рахмат. Сары ооз балапан кезинен мээримиңизди төгүп менден артык кам көрүп үйрүлүп бактыңыз. Мээнетиңиз кайтсын ылайым. Канатым, каралдым уулум, сен менин бар дүнүйөмсүң, сен бар үчүн апаң жашайт, жыгылса турат, ыйласа сооронот. Апаңдын мындан ары жасаган жакшы ишинин баары сен үчүн, уулум, баары сен үчүн,- ичинен ушуларды шыбырап баратты. Бет алдыдан соккон сыдырым муздак желаргы өмүрдүн дагы бир күзүн уурдап, кайдадыр шашып бараткандай... (Аягы).207 комментариев
4 раза поделились
478 классов
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
144
- Зульфия ТаджибаеваДжалал-Абад (Жалалабат)
- Aida ZHAKYPBEKOVAДжалал-Абад (Жалалабат)
- Гулайым ЧильмергеноваДжалал-Абад (Жалалабат)
4
- Бир тыныгып алыңыз !34254 подписчика
- ЕЛИЗАБЕТ ЧЫГАРМАЛАРЫ15235 подписчиков
- ЭЛДИК ТАЙПА.5472 подписчика
Правая колонка