Свернуть поиск
Фид
Жылдызкан Омурбаевна
поделилась заметкой30 апр 2024
КЕЧИР, УУЛУМ
4 - БӨЛҮМ
Тумар кечиргени менен ичинде Нурдинге болгон ишеничи өчтү.Кайра өзүн өзү алдап чындап эле тиги сойку азгырган чыгаар деп койот.Эми наристелүү болгон соң,тыйылып үй бүлөөсүн ойлоор деп өзүн өзү жубатат.Экөөнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдөн кийин Нурдин мамилесин оңдоп Тумардын көзүн карап калды.Бир туруп таттууларды көтөрүп келсе, бир туруп кийим сатып берет.Кой дегенине көнбөй алтын шакек сатып алып белек кылды.Аз аздан Тумар да ошол окуяларын унута баштады.Үйлөнүшкөн кезиндегидей мамилесин көрүп ынанып чындап эле эстебей калды. Жашоо кадимкидей өз нугуна түшүп бактылуу үй бүлөө болуп жашап жаткан кезде Тумардын тай энеси кайтыш болуп ,кабар келип ошол жака кетти.Нурдин өлүк коюу зыйнаты өткөн соң,Тумарды калтырып бата кылчуулардын аягы тыйылгыча тура тур деп таштап келди.Медер туткан тай энеси каза болуп апасы тирилип кайра өлгөндөй болду.Тумар менен агасын багып чоңойткон тай энеси ,кызымдан калган жалгыздарым деп,ушул экөөнү өксү кылбай чоңойткон эле.Эми минтип каза болушу Тумарга аябай эле оор тийип ,дүйнөдөгү эң жакын адамынан айрылгандай болду.Агасы Тилек экөө сыздап кала беришти.Тай энеси барында үйлөнүп албаган Тилекке кыйын болду.Эртереек үйлөнсө тай энеси да небересинин баласын көрүп калмак. Бул кезде Нурдиндин эски адаты кармады.Көнүлдөш Толгонайы менен кайрадан табышып эски махабаты жанданды.Рейске жөнөсө жанына чыгарып алат да жумушу бүткөн соң үйүнө алып калат.Толгонай иштеген ашканага барып жооп суратып алып кете бергендиктен Нурдинди жигити экен деп таанып,машинасы менен барса эле шеф повары жооп берип ,бактың ачылсын деп койчу болду.Анткени ,Толгонай ,,ушул жигитке турмушка чыкканы атам",деп, айтып койгон болчу.Тумардын үйүнө келе электигинен пайдаланып Толгонай коркпой этпей эле Нурдинди эрчип келеберчуу болду.Шарапты ичишип алган бул экөө бул ааламда эч ким жоктой ,баарын унутуп жупталышып калышаар эле.Аз аздан Нурдинди ,,аялын менен ажыраш,ал бере албаган махабат жыргалын мен берем.Өмүр бою махабаттын туу чокусуна чыкпай өтүп кетесиңби",деп,кулагына шыбырап,көндүрө баштады.Нурдин эс мас учурунда ооба жаным,ошентем,бир аз сабыр кыла тур ,деп, койот.Алган маянасын Толгонайга коротуп алтын алып берип көңүлүн көтөрчу болду.Нурдиндин бул сөзүнө Толгонай чындап эле ишенип ,бир отоло бучкактап алды.Барбай калган күнү ,,эмне жоксун,томаяк катыныңа бардыңбы "деп,кекетип сурагы да күчөй баштады.Жалынып жатып ,араң таарынычын жазып алып кетет. Тумардын тай энесинин кырк күндүк ашын белгилешип куран окутушту.Нурдин бул маараке ашка келип аяктаган соң Тумарды алып кетмекчи болду.Тумар,, үч күндөн соң алып кет,казан аякты жыйнаштырып койоюн", деп ,жөнөтүп жиберди. Нурдин Толгонай менен коштошмокчу болуп акыркы жолу жолугушалы деп айтмакка бүгүн да үйүнө алып келди.Кучакташып өбүшүп алгандан кийин Нурдин аялы келерин ,,мындан кийин жолугушубузду токтотолу ",деп ,айтты эле ,Толгонай чаары бетине чыгып кекете баштады. ---Сен томаяк катынындан качан кол үзөсүң,ажырашам дебедиң беле,деп,Нурдинди кажый баштады. ---Балам бар го,мен кантип ажырашмак элем,менсиз балам ,аялым кантип күн көрүшөт.Ойлонуп сүйлөп жатасыңбы? ---Ойлонуп эле сүйлөдүм,алгач сен менин көңүлүмдү бурдурарда аялың жөнүндө ойлондуң беле,же сагыз сыяктуу чайнап таштап койом дедиң беле,деп Толгонай ээ жаа бербей сүйлөп жатты. ---Жок ,жаным, антип ойлогон эмесмин.Биз досторчо эле жүрөбүз го дегем ,деп,Нурдин Толгонайдын ачуусун басканга аракеттенип жатты. ---Биз эч кандай дос эмеспиз,биз ойношпуз, көңүлдөшпүз...Ажырашам деп өзүн айткансың,эми ажырашып мага үйлөнөсүң.Ажырашпасан томаяк катыныңа өзүм айтам,айтпасаң бары бир тынчтык бербейм ,деп,Толгонай Нурдинди жарга такады.Нурдинден айла кетти.Тумарга кантип айтат ажырашам деп .Кайсы күнөөсү үчүн?Тумардан эч кынтык таппайт болчу.Күйөсүн бапестеп чай оокатын дайым берип ,жакасына кир жугузбагандыгы үчүнбү?Канчалык надаан болсо да Тумарга ажырашам деп айталбайт болчу.Өз ою менен алпурушуп жатканда шарапка кызып алган Толгонай туруп келип Нурдиндин бутуна отуруп алып колун анын мойнуна орой кучактап оозунан өөп калды.Аялдын мындай куулугуна туруштук бере албаган Нурдин азыр эле жаман көрө баштаган Толгонайды эч нерсе болбогондой аймалап өбө баштады. Таң атып баратканынан Толгонайды ойготуп ,эч ким көрө элегинде узатып койуп анан жумушуна кетмек болду.Нурдин кийинип эшикте жүргөндө Толгонай мойнундагы алтын жынжырын жана ич кийимин жаткан жерине бастырып чыгып кетти .Нурдин муну байкамак эмес,анткени жууркан төшөктөрдү бир гана Тумар жыйнап,Тумар шейшептерин алмаштырчуу. Муну атайын кылганынын себеби,аялы экөөнүн ортосуна от жагып мамилесин бузуп ажыратуу эле.Нурдин Толгонайды узатып коюп жумушуна барды да ,бүгүнкү рейсине баргысы келбей башым ооруп жатат деген шылтоо менен чыкпады.Оордуна башка айдоочуга машинасын берип жөнөтүп,өзү фермада калды.Кечеги шараптын таасиринен бары бир машинасын айдай алмак эмес,анын үстүнө Толгонайдын кечеги талабынан кантип кутулуунун жолун издеп жатты.Жаман айтып өчөштүрүп албайын деп алдап көрүүнү ойлоду .Бирок кантип?Толгонай алдаганга көнчүдөй эмес. Ооруган башы ан сайын ооруп кечке эч бир жыйынтыкка келе албады.Тумар келсе ,келгенин угуп өзү деле келбей калар.Мен өзүм жолукпасам кайдан келмек эле, деп,мындан башка айла жок экенин билип ушул ойго токтолду.Жумуштан соң жетекчилерден машинаны сурап ,айылга барып келинчегин алып келип алайын деп руксат сурап ,машинаны айдап кетти.ГАЗ-53 машинасы зымырап тез эле жетип барды да Тумарды камынтып ,кайын агасы менен коштошуп үйүнө алып жөнөдү.Жол катары сүйлөбөй жолду тиктеп Нурдин машинасын айдап келатты.Анын ою дагы эле Толгонайда эле.Аны менен бир отоло мамилесин токтотууну ойлоп жаткан.Нурдиндин сүйлөбөй келе жатканынан,, караңгыда сак болуп айдап жатат го, алаксытпайын,"деп ,Тумар да сүйлөбөдү. Уйгө да жетип келишти.Сагына түшкөн уулу Өмүр менен жаш балача ойноп,мойнуна мингизип алып ары бери чуркап үйдү үч көтөрдү.Буларды көргөн Тумар күлүп ата баланын ойноп жатышканына сүйүнүп карап тамак кылып жатты.Чай ичилип бүткон соң,Тумар өз үйүм өлөң төшөгум деп ,чарчаган неме тез эле көшүлүп уйкуга кирди.Нурдин баласын кучактаган бойдон уктады.Таң атып Нурдин жумушуна кеткенде үйдүн жыйналбаганын көрүп жыйнап кирди.Кир болгон шейшептерин алмаштырып койоюн деп жууркан төшөктөрдү жыйнап жатып алтын жынжыр менен ич кийимди көрүп Тумар эси ооп нез болуп отуруп калды.Тумардын мындай жынжыры менен ич кийими жок болчу...Нурдиндин эски адаты кармап башка чоочун аялды үйүнө алып келип жатып жүргөнүн Тумар дароо билди.Толгонайдын атайлап жасаганы ишке ашкандай болду.Тумар бир саамга үн сөзсүз отурду да ,тийбей кайра ошол бойдон ордунан козгобой жаап салды да Нурдиндин келишин күтүп калды. Уландысы бар...8 комментариев
2 раза поделились
194 класса
Фид
Жылдызкан Омурбаевна
поделилась фотографией16 ноя 2019
Фотография удалена или не является публично доступной
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
Правая колонка