Свернуть поиск
Венера Джусупова
Последний визит: 24 авг
Фид
Венера Джусупова
поделилась заметкой29 апр
САБИРА
АКЫРКЫ БӨЛҮМ ... Эми эмне кылдым? Кудай мага чындап эле бир перзент бербейби? Мүмкүн, күнөө менде эмес чыгар. Анткени байбиче бир сөзүндө: «Мен эне болуу укугунан ушундан он беш жыл мурун айрылгам», — дебеди беле? Же мен жаңылыш уктумбу? Мүмкүн, бул Сакендендир? Андай шумдукту да укканым бар. «Өлүк урук» дейби, айтор, акылым жетпейт. Кыскасы, эркек күнөөлүү боло турган бир оору бары анык. Аны өзүнөн сурайын десем, үч күндөн бери маң болуп жүргөн бул шордуу эрте жатып калган. Эми тиги эки «тажалга» (кыздарына) эмне дейм? Кыскасы, башым катып кетти. Эртеси күнү кечинде эки кызга өзүм чалып: — Дагы боюман түшүп калды, эми эмне кылам? — деп ыйлап жибердим. Төбөсүнөн ургандай эле болушту. Баштарын мыкчып, селейип калышты. — Алладан келсе айла канча, ден соолугуң жок экен да. Сен эми жакшылап дарыланышың керек, дарыланып көрчү, — дешти. Кыскасы, көңүлү чөккөн кыздар менен көп сүйлөшкөн жокмун. Кичи кызы ыйлап кала берди. Улуусу ордунан туруп, башка бөлмөгө кетип калды. Андан ары отургандан пайда жок, видео байланышты үзүп салдым. Ал эми Сакеним башын мыкчып жанымда отурду. Арагын койгону эле болбосо, жакшы жакка өзгөргөн эч нерсеси жок. Буга эмне дейин? Акыркы кездерде бул шордуу деле өз милдетин ойдогудай аткарып баштаган. Мен да өзүмдү аял катары сезе баштаган элем. Андан бала болбойт эмес, болот го. Болгону менен эмне, көпкө барбайт. Ары кетсе үч ай, анан суу болуп түшүп калат. Негизи, бул айтып жатканым — үчүнчү жолу боюман түшкөнү. Мен бир жылга жетпей үчүнчү ирет баладан айрылып отурам. Кудай-ай, кимдин каргышына калдым экен? Кимге жамандык кылдым эле? Кимдин ала жибин аттап өттүм, билбейм. Мен акыры ушундай жазамды алдым. Март айында келген кичи кызы мени жетелеп алып Москвага учту. Ал жактагы байбиче менен чогуу окуган мыкты дарыгерлерге көрсөттү. Үч күн жүрүп, бардык текшерүүдөн өткөндө чыккан «өкүм» үмүтүмдү биротоло үздү. Себеби, мындай аялдарда бир гана мүмкүнчүлүк болот экен. «Сен ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибергенсиң» дешти. Эми кийинки жолу ЭКО же жасалма вакуум дешет. «Жатыныңа бала бүтүп, анын өсүп жетилүүсү мүмкүн эмес. Ал миллиондон бирге буюрган бак, эми үмүтүң Алладан, ал Алланын гана колунда», — дешти. Кыскасы, көңүлүм чөгүп, жарым жан болуп кайтып келдим. Эми чечимди Сакем гана айтат. Атүгүл Сакем да эмес, мына бул эки кызы айтат. Ушулардын буйругун күтүүдөн башка айлам жок. Ошентип жүргөндө арадан дагы төрт ай өттү. Жөн эле жүрбөй, улуу кызды күтүп, тозокто жүргөндөй болдум. Эч нерсеге колум барбады. Жумушум жайында калды. Мындай заңгыраган үйдүн куту качты. Сакем да аябай жүдөп кетти. Бир күнү кабагынан кар жааган улуу кызы жетип келди. Эч нерсеге карабай, катуу кетти: — Апам сага айтты эле го, ушундай болорун эскертти эле го! — деди. Эмне дейин, бетимди басып, шолоктоп ыйлап отура бердим. Эми ал атасына асылды. Атасы эмне десин, ал да үнсүз отурду. Бизден жооп болбогон соң, акыркы чечимди өзү кабылдады: — Дагы бир жыл убактыңыздар бар. Кармалып, дарыланып көрүңүздөр, күтөлү, — деди. Андан соң атасына карап жекече чапты: — Апамдын арманы эмес беле, жашыңыз болсо өтүп баратат. Эми өзүңүздү ойлогонуңуз оң. Бизди билесиз, биз кайтып келбейбиз. Эгер өзүңүз бир чечим таппасаңыз, биз сизди чет өлкөгө алып кетебиз. Бирок ал жакта сиздей жашы келип калган жалгыз бойлорго бейиш жок. Ал жер жаштардыкы, папа, жаштардыкы! Ал жакта жашынан баргандар гана өзүн жакшы сезет. Жалгыз бой кары-картаңдар кор болот. Ошол үчүн жакшылап ойлонуңуз. Жок дегенде бир перзенттүү болушуңуз керек. Мына бул кыз менен араңыз үзүлбөшү үчүн. Мейли ал кыз болсун, мейли уул болсун, баары бир. Бир эле бала, папа, бирөө эле! — деп айтып салды. Мындай сөздөн кийин Сакем өксүп ыйлап чыгып кетти. Жер карап, жер чукулап мен калдым. Арадан көп өтпөй улуу кызы кетти. «Каралашсын, сиздерге жардам берсин» деп кичи кызын калтырып кетти. Андан деле менден эч нерсе чыкпады. Армандап жүрүп дагы алты ай өттү. Менин курсагым көтөрүлө койбоду. Ага таарынып, кичи кызы да кетип калды. Атасына таарынган улуу кызы такыр эле кабарсыз кетти. Кыскасы, Сакем от менен суунун ортосунда калды. Менин да абалым оңолбоду. Өкүнүчтөн өрттөнө жаздадым. Анткени, жети айлык уул баланы курсагымда көтөрүп жүрүп, айрылып калдым. Негизи, ошондой болорун байбиче мага эскерткен. Эскерткени менен эмне пайда, мен аны уккан жокмун. Ал кезде менин акылымдан адашкан кезим эле. Ошентип жүргөндө дагы бир жыл өттү. Ошондо гана кабарсыз кеткен улуу кызы келди. Эми мага да, Сакеме да кечирим болбоду. Анын буйругу боюнча, атасы бир чечим кабыл алышы керек эле. Менден үн чыкпады, үмүтүм үзүлгөнүнө качан. Ошондуктан ыйлап отуруп жообун бердим. Анткени түшүнөм, Сакем жаш эмес, жашы кырк төрткө келди. Ошондо кызы экөө айылдан апамды алдыртышты. Алдына аш коюп, менин жообумду беришти (мени бошотушту). Акмак башым-ай, карасаңыздарчы! Шаардын так ортосундагы үч бөлмөлүү кымбат үйдү менин атыма жазып беришти. Жаңы унаанын ачкычын колума карматышты. Кыскасы, кыйналып, кыйбай жатып узатышты. Көз жашын аарчып, өксүгөн Сакем кала берди. Ушинтип байлык кууган менин эки жылым өтүп кетти. Акырында жүзүм кара болуп айылга келдим... Бирок мен айылда көп жүргөн жокмун. Бир ай жатып, тегерегим тынчыганда, Шаарга жөнөдүм. Ошондо жашымдан арман болгон Асылбек менен табыштым. Сөзүбүз келишип, көңүлүбүз табышып жатты. Жумушка кайра орношуп, баары мен ойлогондой боло баштады. Бирок бул кымбат үйдө андан ары жашоо мүмкүн болбоду. Ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрүнө акчабыз жетпеди. Себеби мен айлык алганым менен, Асылбекте туруктуу жумуш болгон жок. Анда-мында барып кээде акча алса, кээде ала албай көп жүрдү. Акыры акылдашып, бул үйдү сатууну чечтик. Бирок, белекке берилген документтер бизди аябай кыйнады. Көрсө, бул үйдү сатуу үчүн Асылбектин атына жазышым керек экен. Ошондо гана сатууга укугубуз болот имиш. Башка жолу жок дешти. Биздин өлкөнүн мыйзамы ошондой экен — белекке берилген үйдү сатууга болбойт имиш. Ал эми ай сайын төлөнүүчү акылар күн санап артып, алкымдан алды. Ошентип алты ай чуркап, араң дегенде алган баасына сатып жибердик. Жыйырма төрт миң долларды чөнтөгүнө баскан Асылбек заматта өзгөрүп чыга келди. — Сенде унаа бар го Сабаш, мага да унаа керек, — дейт. «Жок» деп айта албадым, тандаган кымбат унаасын алып бердим. Анан сиңдимдин окуусу келди, аны төлөдүм. Айылдагы эскирген үйгө капиталдык оңдоо керек эле, аны оңдодум. Акырында араң жүрүп, бир бөлмөлүү батирди алып калдым. Ал эми менден бала болбой турганын билген Асылбек менен келишпестиктерибиз көбөйдү. Акыры бир жыл өтпөй, ал дагы караанын жоготту. Ушинтип менин башымдан өткөн үч жыл эсимде гана калды. «Чоң шаардын белгилүү бизнес-айымы болсом» деген арманым таш капты. Мына, ошондон бери бир мүчөл (12 жыл) убакыт өттү. Бүгүн ошол өткөн өмүрүмдүн баары эсиме түштү. Себеби, мен бүгүн Сакем менен жашаган үйдүн алдынан өттүм. Маңдайында «ҮЙ САТЫЛАТ» деген тактайча илинип турат. Денем дүркүрөп, титиреп кеттим. Ичимден күбүрөп, Сакеме бакыт тиледим. «Үйүң уулга толсун, кучагың гүлгө толсун, Саке, кечириңиз мендей бейбакты», — дедим. Анан көз жашымды аарчып алып, ары карай басып кеттим! Аягы! Гани Бейсен. Кыргызчалаган автор: М. Жумагулов39 комментариев
2 раза поделились
156 классов
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
41
- Догдурбек МамыркановКаракол (Пржевальск)
- Жамал ИткулаковаСейшеллы
5
- Мешок удачи4653 подписчика
- Заметки о животных23855 подписчиков
- Портал Индокс26569 подписчиков
- Миң бир түн20995 подписчиков
- Steinvard14355 подписчиков
Правая колонка