Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Алматы - Бишкек такси айдайт. Өзү намазкөй сакалчан. Күн ысыкта жол чагылыша бергенинен очки тагынат күндөн көзүн коргоп.
Бир жолу очкисин тагынайын десе бир айнеги түшүп калыптыр. Анысына карабай тагынып алат экен очкисин.😊
Жолдо ГАИ тосот 😊
Казактын полициясы, баурым документтериң дурыс, бирак көзүмө көрүнбөй тез кетши деп кетирип жиберет экен.
Досубуздун башы маң, эмнеге казактын полициясы андай мамиле жасады деп.
Бир топтон кийин сакалчан, бир айнеги жок көз айнеги менен бечарадай көрүнгөнүн эстеп күлдүрүп айтып жүрөт 😊
Дагы бир жолу Дордойдон товар салыштырып атса, коробкада очки урунат колуна. Аа эңкейгенде башыма кыстарган очким түшүп кеткен турбайбы деп башына кондуруп алып бир күн кечке товар таратып, тыйынын чогултуп ар ким менен учурашып күнү өтөт. Кечке жуук машинасына отуруп үйүнө кетейин деп рульга отуруп күзгүсун караса, өзүнүн очкиси илинип турат имиш.
Башындагы кондуруп алган очкини чечип караса женский керектен чыккан очки экен. 😊

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев