Россия Федерациясынын мыйзамдарына белгиленгендей, «Полиция» жөнүндөгү 2011-жылдын 7-февралындагы № 3- Федералдык мыйзамдын 13-статьясынын 2-пунктунун 1 бөлүгүнө ылайык, полиция кызматкерлери өзүнө жүктөлгөн милдеттер катарына жарандын өздүгүн аныктаган документтерди текшерүүнү, издөөдө болгон жана кылмышка шектүү делген маалыматтарга негизделген маалымат болгон учурда, жарандарды, кызматтык адамдарды, коомдук уюмдардын жана мекемелердин лицензияларын текшерүүгө алат жана айрым бир ишмердүүлүктүргө көзөмөл жүргүзүүнү колго алат.
Полиция кызматкерлери тарабынан документтерди текшерүү
Жогорудагы мыйзамга ылайык полиция кызматкерлеринин жарандарга кайрылуу тартиби боюнча регламенти белгиленген. Полиция кызматкерлери жарандарга кайрылууда төмөнкүлөргө милдеттүү: кызматын, наамын, фамилиясын атоого, жарандардын талабы боюнча кызматтык күбөлүгун көрсөтүүгө, кайрылуусунун максатын жана себебин түшүндүрөт.
Полиция кызматкерлери тарабынан документтерди текшерүү кайсы бир нерсеге негизделип, төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- рейддерди жүргүзүүдө;
- мас болгон же эс-учун жоготуп ооруган учуруңузда;
-полиция кызматкерлеринин көз алдында кандайдыр-бир административдик эрежелерди бузууга жол берилсе, анын ичинде миграциялык тартип бузууларга жол берилбеши зарыл.
Сунуш: Полиция кызматкерлеринен коркпоо зарыл. Сиз Россия аймагына кайсы мезгилде киргениңизди, жайгашкан дарегиңизди жана кайда, ким болуп иштериңизди так жана даана айтып бериңиз. Эгер Сизге полиция кызматкеринин талабы түшүнүксүз болсо, кайрадан тартынбай сурасаңыз болот.
Ар дайым өзүңүз менен кошо бул документтер болушу шарт:
- паспорт;
- миграциялык карта;
- миграциялык каттоого тургандыгы боюнча билдирме (каттоо);
- медициналык милдеттүү камсыздандыруу боюнча же ыктыярдуу камсыздандыруу полиси;
-эмгек же жарандык-укуктук келишим.
Кээ бир учурда полиция кызматкери тарабынан Сиздин документтериңиздин тууралыгы боюнча шектенүүсү болуусу мумкүн. Бул учурда ал Сизди жакынкы полиция пунктуна документтерди базадан текшерүү үчүн чакыруусу мүмкүн.
Эгер полицейский өзүн-өзу тааныштырбаса, документтерди текшерүү себебин айтпаса, анын бул иш-аракетине даттанса болот. Бул үчүн анын төш белгисинин номерин сактап же жазып алуу зарыл. Эгер мындайга жол берилсе туугандарга же досторго ким менен турганыңызды айтып, кайсы жерде экендигиңиз боюнча телефон чалып, кабар кылыңыз. Кимдир бирөө Сиз менен эмне болуп жаткандыгы боюнча кабардар болууга тийиш!
БУЛ МААНИЛҮҮ! Эсиңизде болсун- пара берүү полицейскийге гана эмес - берген Сизге да кылмыш катары каралат. Полицейскийге эч качан акча сунуштабаңыз!